Бир кыргыз гүлүнө ыр

Бир кыргыз гүлүнө ыр

Бул ыр сегиз жыл дегенде жазылып бүттү.
2006-жылы август айында Чуӊкурчак жайлоосуна барганда, кыял дүйнөмдө ырдын алгачкы элестери пайда болгон.
Анда Бишкекте аптап кайнап турганда, Теӊир-Тоонун эӊ бийик чокуларынын бириндеги Чуӊкурчак жайлоосунда болчубуз. Коломтодо күйгөн оттун жалыны сыртты карай жыландын тилиндей соймолоӊдоп, боз үйдүн ичин жарыкка бөлөп, бизге жылуулук берип турду. Тышта болсо, жамгыр сабалап, чаба жаап, суук жиликтен өтүп турду… Ал эми ары жакта тоо чокусундагы мөӊгүдөн бөлүнүп, жайлоону теӊ ортодон кесе аккан толкундаган дарыя жатат… Тоо боору чытырман, жапжашыл токойлор!… Тоонун бетине жайылган жылкы үйүрлөрү!… Чаба жааган жамгырга карабай, бир кыргыз кызы чачын шамалга желбирете тарай, тоолордун асман менен тирешкен жерден тик ылдый ат чаап келе жатат. Элеси тарыхтын качандыр бир мезгилдерин эске салды…
Ошентип, ырдын элеси, мазмуну көӊүл дүйнөмдө көрөӊгөлөнүп отуруп, 2013-жылдын май айында азыркы абалына бышып жетилди.

Бир кыргыз гүлүнө ыр

Оo, Азия көздүү кыз!
Оо, куттуу кыргыз атыр жыттуу тоосунда ачылган гүл!
Кайсы доордон чыгып келдиӊ сен, айтчы…
Байыркы гун уламышы өӊдөнөт сенин көз карашыӊ.

“Жаралсын Жер!”
“Жаралсын Көк-Асман!” деп буйрук берген Үлген Теӊир
Баатырларга,
Баскынчыл жолду караган энелердин талбаган көздөрүнө
Бакшылардын тогуз кабат көккө көтөрүлгөн куттуу сөздөрүнө
Жерге, Көккө, Сууга ант берген ашыктарга жол көрсөткөн
Өтүкен асманынын Чолпон жылдызы сенин көздөрүӊ.

Кичине муӊайым тарта караган
Кайсы аймактын маралынан мурас калган сага?

Күлкүӊдү Ысык-Көлдүн суусу менен тойгуздуӊбу сен?
Күлкүӊ гүлүндөй көрүнөт Сары-Челек жайлоосунун
Күлкүӊ ай толгондой Азиянын кечтерине
Сен күлгөндө, көӊүлүмдө бир тай туйлагандай туюлат, кыргыз кызы.
Күлкүӊ менен тайдын кишенеши
Жайлоонун көркү Эргенекон дооруна алып барат мени.
Кыргыз оймолуу боз үйдө
Колунда наны, тузу, кымызы бар шаман аял жүрөгүмдүн сырдашы
Нанга, тузга, ичкен бээ сүтүнө…
Кызууланып башым кыргыз күлкүсүнө.
Доорлор алмашып ичимде,
Күлкүӊ менен Эргенекон туткуну кылдыӊ, кыргыз гүлү.

Чачтарыӊды желбирет да,
Чыгар мени бул Эргенекондон,
Чыгарчы мени, кыргыз гүлү.

Тизиле учкан турналар Сибирде аткан таӊ маалы сыӊары
Бир мукам ырдаган сыӊары кирпиктериӊ кагышы
Бакшыга толгон журтта Тогуз огуз
Тогуз огуз журтунда Кут тоосу
Жарылат тогуз жеринен Көкө Теӊир сүйүнчү Көк кызы салты
Желбиретет жел тоону-ташты
Топтолот үй-бүлө, топтолот бала-чака
Артта калгандардын сыздайт жүрөгү
Кайрадан башталып сагыныч сапары
Кайгынын кербени кайра жолун улап
Башталат бул бүтпөгөн көч кайра-кайра
Кээде Манас болуп, кээде Корку тата болуп,
Улуу жомокко чөмүлөм
Алдымда жер жарылып, үстүмдө көк чөгүп,
Же өлүм алдында, же туткун колунда бөтөндүн
Кыянат кылганга жан берем бейкүнөө.

Хорасандын чыныларындагы Бухаранын көз жашы
Беймаалым шаарлардын байыркы зындан дубалдарында
Мир Сейиттин, Магжандын, Олонхонун
Жана дагы Казан көчөлөрүндө Кул Шерифтин каны агат.
Болоттой курч канжардын оозу
Осман Батурдун мойнунда жалмаӊдап,
Аму-Дарыянын тамырларынан аккан суу соолуп,
Арал Азирейилдин колуна туткунга түшкөндө,
Үркүндө сулайм, топурагыӊа кулайм жан бериш үчүн.
Кайда калды Чыӊгыздын мыйзамы, кайда калды Тимурдун аскери
Кандагар менен Памирди, Бабурду эмизген тоолордо
Өлүмгө жык толуп,
Славяндардын колунан мерт кеткен хазара балдары
Атлантикалык танктар Мазари-Шарифтин мазарын тепселеди.

Тагдырыӊ Азиянын тагдыры
Кайгыӊ Азиянын кайгысы, кыргыз гүлү…

Өкүмүм өтпөс болду бул жерлерде
Өзгө өкүмүнө моюнумду бүктүм.
Уулдарым кул,
Кыздарым күӊ,
Эли-журтум туткунга түштү.
Бий деп ишендим,
Хан деп буйругун аткардым,
Аларыӊ маӊкурт чыкты, башкасы – Көзкаман!

Кайгы менен кубанычтын далайын көрдүм мен
Канчалаган кыргындын кылыч жарасы калды теримде
Кайсы баатырдын найзасы кирпиктериӊ?…

Бир күнү кетем бул жерден
Кайра кар жаайт Ала-Тоо башына
Кайра бозоруп агат тыным албаган Ала-Арча суусу
Баласагын балбалдары түбөлүктү күткөндөй
Ырлар ырдалып, комуз чертилип, сурнай тартылганда
Кайрадан күлкүӊ калат эсимде,
Жана да үнүӊ,
Жана да көз карашыӊ доорлордун аркасынан…

Бир тараптан сен, бир тараптан сагынычым бул мекенге
Жүрөгүм кош толгойт, кыргыз гүлү.
Мен кайра узак жерлердин ырын ырдап, тээ алыскы жолдордо
Эрдимде доорлорду карыткан гун ырлары.

Акын: Хусейин Карадаг

Түрк тилинен которгон: Дөөлөтбек Эшкенов

İlginizi çekebilir